12:25, 27 марта 2019, 24.kg

Бишкектеги Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйылат

Бишкектеги Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйылат. Бул тууралуу «Азаттык» шаардын вице-мэри Уланбек Азыгалиевге шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, азырынча канча дарак кыйылары белгисиз. Учурда атайын түзүлгөн комиссия жеринде иштеп жатат.

Буга байланыштуу активисттер бакты коргоп калуу үчүн кайдыгер эмес шаардыктарды 27-мартта чогулууга чакырышкан. Активисттердин айтымында, борбор калаанын өпкөсү деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алып келинип, 50 жылдан ашуун убактан бери өстүрүлүп келаткан өзгөчө дарактар бар. Жол салуу менен бактар кыйылып гана тим болбой, шаардын инфраструктурасы да бузулат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18