08:45, 27 марта 2019, 24.kg

Шавкат Мирзиёев жарандарды жеке өзү кабыл ала баштайт

1-апрелде Ташкентте өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке кабылдамасы ачылат. Бул тууралуу президенттик администрациянын Жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Бахтиёр Жамалов билдирди.

Анын айтымында, кезекке алгачкылардан болуп жазылган жарандар менен президент жеке өзү жолугуп, арыз-муңун угат. Кийинчерээк мамлекет башчынын мындай кабыл алуулары онлайн-трансляция түрүндө уюштурулуп турат.

«Капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат зарыл болгон бардык видео жабдуулар менен жабдылган. Анда кабыл алуу жана күтүү залдары бар. Мындан тышкары телекөпүрөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн», — деди Жамалов.

Азырынча жабык турган имараттын эшигинде президент жарандарды кабыл ала турган күндөр жана убакыт-сааты көрсөтүлгөн. Мындан тышкары анда өкмөттөгү башка жетекчилердин кабыл алуу графиги дагы жазылган.

Жамалов кошумчалагандай, учурда Мирзиёевдин жеке кабыл алуусу үчүн 20 жаран тандалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18