08:32, 27 марта 2019, 24.kg

Бишкекте таштандыларды ылгоо заводу курулат

Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди.

Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт. Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводу салына баштайт.

Бул долбоордун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт. Каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлөт. Анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя катары берилет.

Завод пайдалуу ресурстарды, анын ичинде пластиктерди, металлдарды, курулуш жана органикалык таштандыларды ылгап чыгат. Алар жеке кайра иштетүүчү заводдорго сатылат. Азырынча мэрия таштанды сатуудан канча акча иштеп таба тургандыгы эсептелген эмес.

Муниципалитет заовддун курулушу 2021-жылдын мартына чейин аяктайт деп пландап жатат.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18