14:30, 26 марта 2019, 24.kg

Бишкекте азан айтуу сынагында 21 талапкердин ичинен үчөө жеңишке жетишти

Кечээ Бишкек шаарындагы «Жами-и Надва» мечитинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган азан айтуу боюнча жарыштын шаардык туру болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакта шаардын төрт районунан тандалып алынган 21 азанчы катышып, өз күчтөрүн сынашты.

«Биз үчүн тандоо аябай кыйынга турду. 100 баллдык система менен баалап, жыйынтык чыгардык. Катышуучулардык көпчүлүгү 90 упайдан жогору алышты. Ошентсе дагы шарт боюнча алдыңкы үчөөнү тандап алдык», -деди калыстар тобунун төрагасы Рахматулла каары Басиров.

Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду Бишкек шаарындагы «Тоиба КАСИ» мечитинин азанчысы Курманалиев Сүйүнбек ээледи. Экинчи орунга ошол эле мечиттин жардамчы имамы Нурмухаммад каары Жуманалиев татыктуу болду. Ал эми үчүнчү орун «Хафиз уулдары» мечитинин азанчысы Аалы уулу Азаматка ыйгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18