11:41, 26 марта 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпациялоого айыптап жатышат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев башында турган 6 жылдык бийликке баа берүү үчүн коомдук комиссия түзүлөт. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын максаты-Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта отурган маалда кабыл алган чечимдери боюнча иликтөө жүргүзүү.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы жана баасы укук коргоо органдарына берилет. Мамлекеттин мурунку башчысы кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Айрыкча, бийликти узурпациялоо, аймактар аралык кастыкты козутуу, саясий куугунтуктар жана жемкорлук фактылары үчүн жооп бериши керек», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18