09:04, 26 марта 2019, 24.kg

Бейбаштык, адам уурдоо жана карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бейбаштык, адам уурдоо жана карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын февралында белгисиз бирөөлөр Токтогул жана Жаш Гравдия бульварынын кесилишинен 26 жаштагы тургунду күч менен автоунаага отургузуп, ээн жерге алып кетишкен. Алар акча талап кылып, жабырлануучуну темир арматура менен сабашкан.

Аталган окуяга шектүү делип мурда соттолгон жарандар колго түшүрүлдү. Кийинчерээк, сот алардын бирөөсүн үй камагына чыгарган. Экинчиси соттук териштирүү маалында изин жашырып кетип, издөөгө алынган.

Жакында карактоо боюнча изделип жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18