11:56, 25 марта 2019, 24.kg

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 176 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (24.03.19ж.) 176 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 137си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 61и ооруканага жаткырылган, алардын 55и жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 53 адам кайрылса, алардын 21си ооруканага жаткырылып, 32 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 30 адам кайрылса, 12си ооруканага жаткырылган», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18