11:15, 25 марта 2019, 24.kg

Ошто 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты

Ошто көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаардын И.Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган кыз жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары барып, кызды сактап калышты.

Боюн таштоого аракет кылган кыз 1992-жылы туулган Ш.К. экени аныкталды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18