08:45, 25 марта 2019, 24.kg

Бекболот Талгарбеков экс-президент Атамбаевди сотко берет

Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатат. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди.

«Биз камалган учурда «мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген» деп түздөн-түз күнөөлөгөн. Бул өтө оор айып болуп саналат. Ошонун айынан мен үч жылга жакын абакта отуруп чыктым. Эми сотто бул сөздөрдү кайсы жерде айтканымды далилдеп берсин. Мени 17 жылга кесүүгө аракет кылышкан үчүн моралдык кенемте катары 17 миллион сом талап кылып жатам. Азыр документтеримди топтодум, эртең адвокатым менен жолугушам», — деди Бекболот Талгарбеков.

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча 14 жылга соттогон.

Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. 7-мартта үч жылдан бери абакта жаткан «Элдик парламент» кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18