16:59, 22 марта 2019, 24.kg

Айып пулду убагында төлөбөгөн айдоочулардын унаасы камакка алынат

Жол эрежесин бузган айдоочулар айыппулду өз убагында төлөбөсө банктагы эсептери жана транспорт каражаттары камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек стөлдө ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. 

Анын айтымында, айып пул бир ай ичинде төлөнүшү керек.

«Мыйзам боюнча айыппул тууралуу маалымат тартип бузуучуга барган соң бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин күн сайын бир пайыздан туум кошулат. Ошентип, айыппул тууралуу маалымат тартип бузуучуга барганына бир ай толгондон кийин 100 күн өткөн соң туумдун негизги суммасы айыппулдун негизги суммасына теңелет. Андан кийин туум токтотулат дагы, биз ал материалды сотко өткөрөбүз. Эгер тиешелүү өлчөмдөгү айыппул убагында төлөнбөсө айдоочунун банктагы эсептери убактылуу тоңдурулуп, автоунаасы камакка алынышы мүмкүн», - деди ал.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18