09:17, 22 марта 2019, 24.kg

Нооруз майрамындагы «Көк бөрү» таймашында оюнчу ооруканага түштү

Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн «Көк бөрү» таймашында Тогуз-Торо районунун курама командасынын оюнчусу Байыш уулу Мирлан ооруканага түштү. Бул боюнча анын жакындары Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, Байыш уулу Мирдан тайказанга улак салар алдында аттан кулап, омурткасын жабыркатып алган.

«Ага операция талап кылынат. 115 миң сом керек. «Көп бириксе көл болот, көл толкуса сел болот», демекчи Келиниздер, баарыбыз жапа тырмак жардам колун суналы», — деп жардам күтүшөт.

Улакчыга жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү телефондорго кайрыла алышат: 0707 144518,  0709 996370.

Photo 110477

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18