09:17, 22 марта 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабановдун Нооруз менен куттуктоосу көпчүлүктү түйшөлттү

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келерин кыйытты. Бул тууралуу ал кечээ Facеbook баракчасына жарыялаган куттуктоосунда билдирди.

Саясатчы социалдык тармактагы баракчасы аркылы жылы элге кайрылуу жана майрамдарда гана колдонот.

«Урматтуу Кыргызстандыктар, жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун! Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун! Жакында көрүшкөнчө», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18