Нооруз-2019. Бишкектеги майрамдык иш-чарадан фоторепортаж
24.kg агенттиги Эмен багындагы иш-чарадан айрым көрүнуштөрдү сунуштайт.
Кыргызстандын эстрада ырчылары майрамдык концертте элдин көңүлүн көтөрүп, мекенге арналган ырларын аткарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун өкүлдөрүнө таандык улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлду. Кытай, уйгур, түрк, жапон, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек жана башка улуттардын тамактарынын даамын сызууга кезек күткөндөр көп болду.
Ар улуттун өкүлдөрү ырдап, бийлеп көңүл ачышты.