16:38, 20 марта 2019, 24.kg

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы — Сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттик кызматка келген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Дарига Назарбаеванын талапкерлигин сунуштаган. Мурунку президенттин кызы буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарып келген.

Эске салсак, кечээ көп жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаев бийликти мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүү тууралуу билдирүү жасап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18