17:00, 20 марта 2019, 24.kg

Куурчак театрынын мурунку директору дүйнө салды

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев узакка созулган оорудан улам 57 жашында дүйно салды. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Сатылган Сазаев бүгүн көз жумду. Маркум көп убакыттан берип боордун циррозу оорусу менен жабыркап жүргөнү айтылууда.

Сатылган Сазаев 1983-1985-жылдары Фрунзедеги театралдык студияда окуган. 1992-жылдан 2014-жылга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген. 2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматын аркалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18