14:28, 20 марта 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эске салсак, кечээ Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткендиги туралуу маалымат тараткан.

Касым-Жомарт Токаев буга чейин Казакстандын Сенат парламентинин спикери болуп иштеп келген. Ал 1953-жылы 17-майда Алмата шаарында туулган. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. 1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде кызматкер катары ишке киришкен. СССРдин Сингапурдагы элчилигинде иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18