13:49, 20 марта 2019, 24.kg

Ферганада эки жаштагы кызды зордуктоого шектелген окуучу кармалды

Фергана облусунун Риштан районундагы жеке бала бакчалардын биринде эки жаштагы кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Окуя быйыл 4-мартта болгон. Бул тууралуу аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү активисттердин бири 19-мартта билдирди.

«Кызды зордуктаган бала Риштан шаарында 9-класста окуйт. Анын апасы үйүндө жеке бала бакча ачып, зордукталган кыз ошол жакта тарбияланып жаткан. Апасы жеткинчектерди баласына калтырып, иштери менен көчөгө чыгып кеткен. Ал келгенде кыз реанимация бөлүмүнө жеткирилген болчу», — деп билдирди активист.

Риштан райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазжон Ганиев бул окуяны ырастап, аталган бала бакча мыйзамсыз иштеп жүргөнүн билдирди.

«Биз ошол эле күнү ал бала бакчага барып, абал менен тааныштык. Анда үй ээси бала бакчаны мыйзамсыз ачканы белгилүү болду. Анын үйүндө төрт бала тарбияланчу экен. Үй ээсинин кылмышка шектелген уулу камалды», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18