14:53, 20 марта 2019, 24.kg

Якутиядагы мигранттардын көпчүлүгү дагы эле жумушка чыга элек

Якутиядагы мигранттардын көпчүлүгү дагы эле жумушка чыга элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саха (Якутия) Республикасындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жазбек Бекболиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн дүкөндө иштегендер жана көчө шыпыргандардын айрымдары жумушка чыкты. Калгандар дагы эле үйдө олтурушат.

«Көптөр кооптонуп турушат. Бирок абал тынчып калды. Анткен менен социалдык тармакта ар кандай маалыматтар таркатылууда. Алардын көпчүлүгү калп. Андыктан биз мекендештерди так маалымат алууга жана уруп-сабоолор болсо дароо атын-жөнү берүүнү суранып жатабыз», — дейт ал.

Мигранттар дагы телефон менен байланышта болуп, үйдөн чыкпай олтурганын кабарлашты.

«Үйдөн чыкпай эле турабыз. Анткени, кечээ базарга баргандардын 1-2 сабашыптыр. Алар милицияга арыз жазган», — дейт кыргызстандыктар.

Белгилей кетсек, Якутиянын ички иштер министри кыргыздарга карата кылмыш катталбаганын жарыялаган.

Кыргызстандан барган бийлик өкүлдөрү бүгүн эртең менен Саха Республикасынын жергиликтүү телеканалында болуп, түз эфирде Якутия элинен кечирим сурашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18