11:45, 20 марта 2019, 24.kg

Якутияда кылмышка шектелип кармалгандардын үчөө тең кыргызстандык

Якутияда кылмышка шектелип кармалгандардын үчөө тең кыргызстандык. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саха (Якутия) Республикасындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жазбек Бекболиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн экөөнүн баш коргоо чарасы аныкталат.

«Делегация өкүлдөрү сотко барып катышалы десе жабык болорун айтышты. Бирок, алардын айыбы негизги шектүүгө караганда жеңил. Үчөө тең кыргызстандын жараны жана достор», — дейт ал.

Ал эми негизги шектүү 23 жашта жана ал бир жыл мурда Якутияга барган.

«Курулуш тармагында иштеп, түнү таксист болуп эмгектенген. Орус тилин начар билет экен, ага котормочу берилди», — дейт Жазбек Бекболиев.

Белгилей кетсек, 17-мартта Якутск шаарында кыргыз жараны зордуктоого шектелип кармалган. Үч мигрант аялды зордоп уунага салып кетип, зордуктаганы айтылат. Бул маалыматтан кийин Якутияда кыргыздар каршы митинг өттү.

Социалдык тармактарда коомдук жайларда кыргызстандыктарга коркутуп-үркүтүп, уруп согуулар болуп жатканы айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18