09:51, 20 марта 2019, 24.kg

Өкмөт башчы Ош облусунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-21-мартта, жумуш сапарынын алкагында Ош облусунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда бул маселени жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну талкуулоо боюнча селектордук жыйын өткөрөт.

Мындан тышкары премьер-министр 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат, ошондой эле «Ноорузду» белгилөөгө арналган майрамдык иш-чараларга катышмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18