09:17, 20 марта 2019, 24.kg

Ворух жана Ак-Сай аймагындагы баардык чек ара посттору алынды

Ворух жана Ак-Сай аймагындагы баардык чек ара посттору алынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы боюнча билдирүүсүндө айтты.

Ал сүйлөшүүдө эки өлкөнүн элдеринин нараазычылыктарын азайтуу үчүн айылдар ортосундагы чек ара постторун алып салуу макулдашылганын айтты.

«Ворух айылындагы тажик жараны башка айылга кирүү үчүн 2-3 жерде Кыргызстандын аймагын кесип өтөт. Ал эми биздин жарандар Самаркендектен Ак-Сайга барам десе, ал дагы 2-3 жерден Тажикстандын аймагы аркылуу өтөт. Ошол жерлерде элге тоскоолдук болбошу үчүн бардык чек ара посттоду алууну тапшырдык. Себеби канчалык тоскоолдуктар, текшерүүлөр боло берсе, ошончолук элдин нааразычылыгы, бири-бирине болгон жаман көрүүлөрү пайда болуп, чыңалууну жарата берет», — дейт вице-премьер. Белгилей кетсек, өкмөт 18-март күнү Тажикстан менен чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча протоколго кол койгон.

Кечээ Баткен облусунун жаштары ал протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай, Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилип, Кыргызстандын Лейлек жана Баткен райондору анклавда калып калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18