09:04, 20 марта 2019, 24.kg

Алматы менен Ташкент дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына кирди

The Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун версиясы боюнча, Өзбекстандын борбору Ташкент менен Казакстандын Алматы калаасы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди.

Изилдөө борбору жыл сайын Worldwide Cost of Living баяндамасын жарыялап, дүйнөнүн ири шаарларындагы жашоонун баасын аныктайт. Ал үчүн бирдей айлык алган адамдар турак-жай ижарасы, транспорт, азык-түлүк жана зарыл товарлар үчүн канча акча корото тургандыгы эсептелинет.

Быйыл Алматы менен Ташкент Индиянын Бангалор, Сириянын Дамаск жана Венесуэланын Каракас шаарлары менен бирге тизменин эң аягына жайгаштырылган. Изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, азыр Ташкент менен Алматыдагы жашоо Нью-Йорктогуга салыштырганда дээрлик үч эсеге арзан.

Баяндаманын авторлору Казакстандагы жашоонун арзандашын улуттук валютанын девальвациясы менен түшүндүрүүдө. Өлкө бийлиги 2015-жылдын аягында теңгенин курсун эркин кое берген. Акыркы бир жылдын ичинде теңге доллар, евро жана башка туруктуу валюталарга карата дээрлик 50 пайызга арзандаган.

Economist журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен Алматыда бир килограмм нан болгону бир доллар турат. Бул Сеулга салыштырганда 15 эсеге, Париж менен Женевага салыштырганда алты эсеге арзан. Ал эми тамекинин кутусу Алматыда Парижге караганда дээрлик 10 эсеге, Сиднейге караганда 20 эсеге арзан болуп, баасы бир доллардан ашык. Казакстандын бул шаарында бензин дагы Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу үч эсеге арзан.

Ал эми Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург, Украинанын Киев, Чехиянын Прага шаарларындагы жашоо бир жылдын ичинде тескерисинче кымбаттаган. Economist Москва менен Петербургдагы жашоонун кымбатташын рублдин бекемделгени менен түшүндүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18