08:51, 20 марта 2019, 24.kg

Өкмөт Тажикстан менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки маселе каралды: 13-14-мартта орун болгон окуяларга тиешелүү, ошондой эле чек ара аймагында жолдун курулушун улантууга байланыштуу маселелер каралган.

«Биринчи маселе боюнча, белгилей кетишим керек, биз өтө терең талкуу жүргүзүп, тажик тарап дагы абдан түшүнүү менен кабыл алып жатат. Биринчиден, эки тараптуу ыкчам тергөө топторун түзүп, болгон окуялардын баарын тактоону тапшырдык. Бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын прокуратура жана Ички иштер министрликтери биргеликте иштеп жатышат. Бул топ эмне үчүн түзүлдү? Себеби ар бир тарап өз алдынча иштесе, ар кимиси өзүнүн версиясын чыгарып, ошондон улам бир жыйынтыкка келбей, талаш-тартыштар боло берет», — деди Жеңиш Разаков.

Аны Баткен облусунун жана Согдий облусунун губернаторлору жетектеп, ага укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана чек ара кызматтарынын тийиштүү кызматкерлери кирет. Алар чатактын алдын-алуу жаатында иш алып барат. «Баткен жана Исфара райондорунун ортосунда, Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек аймактарында кыргыз-тажик жарандары абдан жакын жашайт. Кээ бир учурларда Баткен районунун Көк-Таш айылында көчөнүн берки бетинде кыргыздар жашаса, аркы жагында тажик жарандары жашайт. Айрым жерлерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган. Бир үйдө Кыргызстандын жараны жашаса, кошунасы тажик жараны

болуп саналат. Ички иштер министрлигинин укук коргоо органдарына тапшырма бердик, ушундай көчөлөрдө биргелешкен күзөттөрдү түзүүнү, айрыкча кечки мезгилде күзөт жүргүзүүнү тапшырдык. Бул боюнча биздин тапшырмага ылайык, учурда иштер жүрүп жатат», — дейт Жеңиш Разаков.

Белгилей кетсек, өкмөт 18-март күнү Тажикстан менен чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча протоколго кол койгон.

Кечээ Баткен облусунун жаштары ал протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай, Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилип, Кыргызстандын Лейлек жана Баткен райондору анклавда калып калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18