08:49, 20 марта 2019, 24.kg

Кыргызстанга 735 миң доллар алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер соттолду

Өзбекстандын Наманган облусунда аткезчилик менен Кыргызстанга 735 338 доллар алып өтүүгө аракет кылган төрт адам соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, былтыр октябрда Наманган облустук жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан акчаны Кыргызстанга жөнөтүү үчүн Чуст районуна алып бараткан төрт жаран кармалган.

Уйчи райондук соту бул топтун бардык мүчөлөрүн беш жыл беш айдан эрктеринен ажыратты.

Алардын 735 338 доллары конфискацияланып, акчаны Ташкенттен Чуст районуна алып бараткан автоунаасы мамлекеттин пайдасына алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18