08:31, 20 марта 2019, 24.kg

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылык ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Бул тууралуу ал 19-март кечинде республикалык телеканалдардан элге кайрылып жатканда билдирди.

Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтып, бул кызматтарда ал Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча «олуттуу ыйгарым укуктарга ээ экенин» белгиледи.

Билдирүүсүнөн кийин Назарбаев «акыркы» жарлыгына кол коюп, аны ошол жерде окуп берди. Документке ылайык, Назарбаев 2019-жылдын 20-мартынан тарта президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, мамлекет башчынын милдеттери парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге жүктөлөт. Ошондой эле бул жарлык менен парламентке 20-мартта Токаевдин ант берүү аземин уюштуруу тапшырылды. Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирди..

Нурсултан Назарбаев 1990-жылдын апрелинде Казак ССРинин башчылыгына келген. Өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин 1991-жылы 1-декабрда президент болуп шайланган. Андан бери 1999чу, 2005чи жана 2011-жылдары президенттик шайлоолордо жеңишке жеткен. 2015-жылы апрелде өткөн мөөнөтсүз шайлоодо бешинчи ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Анда расмий маалыматтар боюнча Назарбаев шайлоочулардын 97,75 пайызынын добушун алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18