12:25, 19 марта 2019, 24.kg

«Супер-Инфо» ар дайым обьективдүү маалыматтарды берип келди

Насыркулов деген белгисиз бир адамдын арызынан улам ишкердик беделибизге доо келди. Бирок, биз анын ким экенин билбейбиз. Процессте таза иштеп жаткан компаниянын беделине доо келтирген адам тууралуу маалыматтар ачыкталат деп ойлойм. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында гезиттин директору Шаиста Шатманова билдирди.

««Супер-Инфо» оппозицияга өттү беле деген суроодон мурун «Супер-Инфо» бийликчил болду беле деген суроо болуш керек. «Супер-Инфо» ар дайым обьективдүү маалыматтарды берип келди. Акыркы кезде оппозициялык маанидеги маалыматтарга басым жасап жатабыз. Балким, бул кайсы бир тарапка жакпай жаткандыр», — деп белгиледи гезиттин директору.

Шаиста Шатманованын айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы «Супер инфо» гезитин жалган айып боюнча жабууну көздөп жатат. 



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18