10:45, 19 марта 2019, 24.kg

Якутияда диаспора өкүлдөрү кыргыздарды этият жана байланышта болууну суранат

Якутияда диаспора өкүлдөрү кыргыздарды этият жана байланышта болууну суранат. Бул тууралуу Якутиядагы «Манас» коомдук бирикмесинин өкүлү Данияр Байгутуев билдирди.

Ал кыргызстандыктарды биригүүгө жана сабырдуу болууга чакырат.

«Телефондорду башка жаздап, маалыматтардан кабардар болуп турушуңуздар керек. Ким билет, бир заматта арабызда бир тууганыбыз жалпыбыздын жардамыбызга муктаж болуп калышы ыктымал. Эже карындаштардын, жаш, өспүрүм балдардын, тааныштарыңардын кабарын алып, байланышып туруңуздар.
Уккан-көргөн тастыкталган маалыматтарды эл алдына жарыялап, ички маалымат тайпаларында бөлүшүп туруңуздар», — дейт ал.

Данияр Байгутев орточо чагымчылдар өлтүрүүгө, өч алууга үндөгөн чакырыктард чыгарып жатканын белгилейт.

«Паникага, провокацияларга алдырбаңыздар. Бул иш аракеттердин бардыгы жеке өзүбүздүн жана жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн — аны туура түшүнүңүздөр», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Саза (Якутияда) кыргыз жараны зордуктоого шектелип кармалды. Ал маалымат пайда болушу менен шаардын борбордук аянтына 200дөй жергиликтүү тургундар чогулуп, кыргыздарды өлкөдөн чыгаруу талабын айтып, өч алуу чакырыктарын жасашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18