10:37, 19 марта 2019, 24.kg

Караколдо мас абалындагы эки аял бир аялды таш менен сабап өлтүрүшкөн

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында алкоголдук ичимдик ичип отурган 3 аял уруша кетип, алардын бири киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-мартта Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, каза болгон аял Пристань-Пржевальск аймагынын 31 жаштагы тургуну экенин аныкташты. Каза болгон аялдын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши жок болгону айтылууда.

Аталган кылмышка шектүү катары 2 аял кармалды. Алардын бири буга чейин соттолгону белгилүү болду. Маалыматка таянсак, 3 аялдын ортосунда уруш чыгып, шектүүлөр бирөөнү таш менен сабашкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18