09:59, 19 марта 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 7 кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, мамлекеттер аралык топ кылмыш иштерин чогуу тергейт.

«Жети кылмыш ишинин үчөө адам өмүрүнө кол салуу айыбы менен биздин жарандарга атылган ок боюнча козголгон. Аскер прокуратурасы мамлекеттер аралык топту түзүп ага Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ, УКМК өкүлдөрү кирди», — деп маалымдашты.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18