09:25, 19 марта 2019, 24.kg

Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайра жөнөтүлдү

Баткен облсунун Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК билдирет.

Маалыматка караганда, чек арадагы чырга байланыштуу 450 үй-бүлө айылдан чыгарылган. Алар кечээ үйлөрүнө кайтышты.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18