12:21, 18 марта 2019, 24.kg

Чек ара кызматы: Кызыл чырым унаасын уюмга тиешеси жок машиналар коштогон

Кызыл чырым комитетинин эн белгиси бар автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Тажикстандын бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын чек ара кызматкерлери эл аралык уюмдун машинесин Ворух анклавына өткөрбөй койгонун жазып жатышат.

Чек ара кызматы 16-март күнү Кызыл чырым комитетинин эн белгиси бар автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылгандыгын маалымдайт. Бирок, Кызыл чырым комитетинин автоунаасынан тышкары аталган комитетке тиешеси бар-жогу билинбеген машинелер болгон.

Ал аймактагы жолду жергиликтүү тургундар тосуп тургандыктан, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Кызыл чырымдын өкүлдөрүнө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды түшүндүргөндөн кийин алар артка кайткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18