11:17, 18 марта 2019, 24.kg

«Супер-инфо» гезитин колдоо митинги өтүп жатат

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын алдында «Супер-инфо» гезитин колдоо митинги өтүп жатат.

Жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер гезиттин редакторунун суракка чакырылышына каршы чыгышууда. «Супер-инфонун» башкы редактору Шаиста Шатманова учурда мекемеде сурак берүүдө.

«Бул сөз эркиндигине кысым. Биз ага жол бербешибиз керек», — дейт Адил Турдукулов.

Ал эми гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан президенттин аппараттын буйругу менен жок жерден иш ачылып жатканын билдирди.

«Жок нерсеме менен иш таап чыгып жатышат. Анын баары жалган. Азыр Акүйдүн түз жана кыйыр буйругун аткаруу аракети көрүлүүдө. Бул менин Тышкы иштер министрлигиндеги жемкорлук боюнча билдирүүлөрүмө карата өч алуу. Негизи гезитке гана эмес, мага дагы кысым бар. Өлкөдөн чыгып-кирүүмдө ар кандай тоскоолдуктарды көрсөтүшүүдө», — дейт Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан.

Photo 109903

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы «Супер-инфонун» нускасына байланыштуу териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18