10:44, 18 марта 2019, 24.kg

Ош ЖЭБи жылуулук берүүну токтотту

17-мартта мэриянын буйругуна ылайык Ош ЖЭБи жылуулук берүүну токтотту. Бул тууралуу «Электрдик станциялар» ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ЖЭБи Кыргызстандын жылуулук электр станцияларынын көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Анын карамагында узундугу 58, 474 чакырымды түзгөн суу магистралдык жана кварталдык жылуулук түйүнү кирет.

«Ош ЖЭБ жылуулук түйүнүнө жалпы 319 көп кабаттуу үй жана 232 жеке үй, 88 бюджеттик уюмдар, 5 өндүрүштүк керектөөчулөр жана 298 башка уюмдар кошулган», -деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте жылуулук сезону аяктай элек. Бийлик Кыргызгидрометтин божомолун күтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18