10:26, 18 марта 2019, 24.kg

Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти

Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 3:05те Токмок ШИИБга бычактан жаракат алып каза болгон жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Каза болгон жарандын өздүгү такталды, ал 29 жаштагы С.Т. болуп чыкты. Ал Чүй районундагы партиялардын биринен депутаттыкка өзүн-өзү көрсөтүп шайланганы маалым болду. Ошол эле күнү нөөмөт бөлүмүнө ооруканага бычактан жаракат алган жаран келип түштү деп билдиришкен. 30 жаштагы Ш.Т. жарадар болуп түшкөн», -деп билдиришти милициядан.

Кылмышка шектүү делип 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Токмокто бир канча адамдар арасында жаңжал чыгып, кесепетинен бирөө бычактан каза болгон. Дагы бирөө ооруканага түштү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18