09:04, 18 марта 2019, 24.kg

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрү топтошкон адамдар болгон жок.

«Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, Чек ара кызматынын башчысы жана ИИМдин, облустун жетекчилиги менен бирге Баткен облусунда жүрүшөт. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн дагы улантылат. Исфара—Ворух (Тажикстан) жана Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жолдору жабылып турат», -деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14-март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18