17:55, 15 марта 2019, 24.kg

Бакыт Төрөбаев Бишкектеги айдоочуларды жылына бирден көчөт тигүүгө чакырды

Бүгүн Бишкекте «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкектеги баардык айдоочуларды жылына кеминде бирден көчөт тигүүгө чакырды. Анын демилгеси менен калаада «Бир көчөт» акциясы болуп өттү.

Иш-чарага фракциянын парламенттеги жана Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана жалпы шаардыктар катышты.

Акция учурунда Бакыт Төрөбаев Бишкекте абанын булганышына себеп болуп жаткан бир катар факторлорго токтолуп, алардын негизгилеринин бири автоунаалар экенине белгиледи.

«Борбор калаада расмий катталган 600 миңден ашуун автоунаа бар. Андан чыккан зыяндуу заттар абага терс таасир этип жатат. Жайкысын табигый шартта орто бийиктиктеги дарак 24 сааттын ичинде, үч адам дем ала турган кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ал эми 1 Га жашыл бак-дарактар 1 саат ичинде 8 литр көмүр кычкыл газын жутуп алып, кайрадан 30 адамдын жашоосун камсыз кылганга жете турган кычкылтекти пайда кылат», — деди депутат Бакыт Төрөбаев.

Демилгени Кемин, Орловка, Шопоков, Балыкчы, Каракол, Нарын, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу, жана Токтогул шаарларынын тургундары колдоп, алар дагы өз шаарларында көчөт отургузушту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18