17:15, 15 марта 2019, 24.kg

Чүй облусунда каракчылыкка шектүү делген төрт бала, бир кыз кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектүү делген төрт бала, бир кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылынын 23 жаштагы Д.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, аны 20-22 жаштагы беш белгисиз жаран карактап кетишкенин айткан.

Анын билдирүүсүндө, Беш-Күнгөй айылына кетүү үчүн шаардагы көчөлөрдүн биринде жол тосуп турганда, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа токтоп, аны жеткирип коюуну сунуштаган. Анын ичинде жаш балдар болгон. Бирок, алар Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн биринен токтоп, аны белгисиз курал жана бычак менен коркутуп 20 миң сомдук iPhone үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Андан кийин, жабырлануучуну унаадан түшүрүп кетип калышкан.

Аталган окуяга катыштыгы бар деп Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары кармалды. ­­­­­­­­­

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18