16:20, 15 марта 2019, 24.kg

Нооруз майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында ат оюндары өткөрүлөт

Нооруз майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында ат оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк бөрү оюну боюнча тандоо бүгүнтөн тарта башталат. Бишкекте Жогорку лигада 6 команда ойнойт. Ал эми Биринчи лигада беттеше турган командалардын саны азырынча белгисиз.

Ошто Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынан чогулган улакчылар беттешмекчи.

«21-март күнү эки шаарда тең көк бөрүнүн финалдык оюну, ошондой эле эр эңиш менен ат чабыш өтөт. Ат оюндарынын байге фондусу Бишкекте 1 миллион 450 миң сом, ал эми Ошто 400 миң сомду түзөт», -деп билдиришти агенттиктен.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18