11:38, 15 марта 2019, 24.kg

Бишкекте Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик экстремист кармалды

Бишкекте Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик экстремист кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, колго түшүрүлгөн 45 жаштагы киши Тажикстанда төрөлгөн. Ага аталган өлкөнүн Кылмыш кодексине ылайык куралчан аракеттерге жарандарды тартуу, башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышуу жана башкаларды тартуу беренелери боюнча айыптар тагылган.

Колго түшкөн киши тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун активдүү катышуучусу экени кабарланууда. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18