10:06, 15 марта 2019, 24.kg

Патенти жок иштеп жаткан таксилердин айдоочуларын аныктоо боюнча рейд өттү

Бишкекте патенти жок иштеп жаткан таксилердин айдоочуларын аныктоо боюнча рейд уюштурулду. Иш-чараны Салык кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өткөрдү. 

Бир саат аралыгында тескөөчүлөр 15ге жакын унааны токтотуп, алардын ичинен болгону 3 айдоочунун гана патенти бар экени аныкталды. Бирок, алардын дагы башка документтери толук болуп чыккан жок. 

Мисалы, SMS-таксинин айдоочусунун патентинин мөөнөтү аяктап калыптыр. Салыкчылар акт түзүп, ага тез арада патенттин мөөнөтүн узартууну сунушташты. 

«Мен жарым жылдан бери такси кызматындамын, ай сайын өз эрким менен патенттин акысын төлөп турам. Бүгүн жетише албай калдым, салык төлөбөй кетет деп ойлоп жатасыздарбы?», -деп актанды айдоочу.

Мөөнөтү өтүп кеткен патенттин ээлери 3 миң сомдон айып төлөшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18