09:45, 15 марта 2019, 24.kg

Тажикстандын УКМКсы чек арадагы жаңжал үчүн Кыргызстанды күнөөлөдү

Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана жарандары мамлекеттик чек ара режимин орой түрдө бузушту. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсы билдирди деп жазат REGNUM.

Алардын айтымында, кыргыз тарап компетенттүү органдарга баш ийбей, кесепети мамлекеттик чек арадагы башаламандыкка алып келди.

УКМКдан билдиришкендей, жаңжалды басууга көрүлгөн чарага карабай эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курч бойдон калууда.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18