09:01, 15 марта 2019, 24.kg

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдыктар кечээ саат 22:00дө үйлөрүнө тарашкан. Окуя болгон аймакта 10 жакын киши күзөттө калышкан. Ак-Сай-Тамдык жолу дагы деле жабык бойдон. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү бүгүн дагы сүйлөшүүлөрдү улантышмакчы.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18