08:38, 15 марта 2019, 24.kg

Таласта тургундар Шыралжын кенин жабууну талап кылышууда

Бакай-Ата районунун Май айылынын тургундары Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жашоочулар мындай талабын Шыралжын кенинде адамдар жоголуп жатканы менен түшүндүрүштү.

Май айылынын 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Ал дагы эле табыла элек. Эки баланын атасы алтын чыккан жерде эки жарым жылдан бери иштеп жүргөн.

Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция ырастап, аны издөө иштери уланып жатканын кабарлаган. Буга чейин Шыралжын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып мерт болгон. Каза болгон адам да Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон.

Аталган кенди «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18