17:41, 14 марта 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал. Эки өлкөнүн башчылары телефондон сүйлөштү

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18