17:12, 14 марта 2019, 24.kg

КТРКнын кызматкерлери айлыкты өз убагында ала албай нааразы болушууда

КТРКнын кызматкерлери февраль үчүн маяна алыша элек. Бул тууралуу маалыматты «Ала-Тоо 24» каналынын редактору Гүлнара Касымбекова тастыктады.

Анын айтымында, былтыр ноябрдан бери айлыкты кечиктирип берип жатышат.

«Биз декабрдын айлыгынын жарымын январда алдык, азыр февраль үчүн маяна ала элекпиз. Мындан тышкары белгилүү бир бөлүгүн кармап дагы калышууда. Каналдын жетекчилиги өкмөт КТРКнын өздүк кирешесин 22 миллион сомго кыскартты деп түшүндүрүшүүдө», -деди ал.

«Ала-Тоо 24» каналынын кызматкерлери КТРКнын жетекчилигине айылкты төлөп берүүнү талап кылып кайрылышты. «Февралдын айлыгын али күнгө чейин ала элекпиз. «Ала-Тоо 24» каналынын кызматкерлеринин айлык акысын кечиктирүү же себепсиз кыркып салуу былтыркы жылдын ноябрь айында башталган. Чыдап келдик... Балдарым үйдө акыркы нанды жеп отурушат... Бүгүн кечинде эмнени бышырып берем, билбейм... Жолго акча жок мектепке да баралбай жатабыз...», -деп жазган аталган каналдын диктору Актилек Гүлжигит кызы.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Эске салсак, анын кызматтык мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында аяктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18