15:44, 14 марта 2019, 24.kg

Президент Европанын бир канча өлкөсүн кыдырат

Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайжанга расмий иш сапарлары менен барам. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жолугушууда айтты.

«Алар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кызматташуу чөйрөлөрүндөгү алакабызды бекемдей ала турган иш сапарлар болот деп күтүүдөмүн. Париж жана Рим шаарларында жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен Тышкы иштер министрлигине бекитилген бюджеттин ченеминде аталган шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселесин караштырууну тапшырам», -деди өлкө башчы.

Айтымында, азыркы тапта Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18