14:05, 14 марта 2019, 24.kg

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын мартында УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургунун кармашты. Колго түшкөн жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, Эл аралык террористтик уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Түркияга жана андан нары Сирияга кеткен.

Анын согушка активдүү катышканы айтылууда. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18