12:20, 14 марта 2019, 24.kg

Чет өлкөдө аткарыла турган иштер ТИМ менен макулдашкан соң гана жүргүзүлөт

Ар бир элчинин милдети — мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте шаарлар менен райондордун чет өлкөлүк боордоштук (города-побратимы) алакасын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жолугушууда билдирди. 

Элчиликтер жана тийиштүү ведомстволор бизнес-коомчулугу менен тыгыз иштешип, алардын бизнес-өнөктөш табуусуна жана инвестицияларды тартуусуна көмөктөшүү абзел.

«Өзгөчө, экспортко багытталган ишкерлерге колдоо көрсөткүлө. Бул жерде отурган мамлекеттик органдарынын жетекчилери чет элдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен тыгыз иш алып барууга милдеттүүсүздөр. Элчиликтерди өлкөбүздүн экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык материалдар менен камсыздоого көмөктөшкүлө. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду чет өлкөлөрдө тааныштыруу үчүн сапаттуу материалдарды даярдап бергиле», -деди президент.

Чет өлкөдө аткарыла турган иштер Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуунун негизинде гана жүргүзүлүшү абзел экенин айтты Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18