11:46, 14 марта 2019, 24.kg

Президент: Дипломатияда адашып келип калган адамдарга орун жок

Элчилер мамлекеттин жүзү, алар аркылуу дүйнө коомчулугу мамлекетибизди таанып билет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон жыйында айтты.

«Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгон. Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн дагы жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес. Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек», -деди президент.

Элчи саясий кызмат экенин кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18