09:55, 14 марта 2019, 24.kg

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай-Тамдык жолундагы 2 жай, Ак-Сай жана Төрт-Көчө жабык бойдон турат.

«Ак-Сай аймагындагы жолду биздин жарандар жабышкан, Төрт-Көчөнү тажик тарап жапкан. Учурда тажик кесиптештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Окуя болгон жерде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жүрүшөт», -деди Уларбек Шаршеев.

Эске салсак, 13-мартта эки мамлекеттин чек арасында чыккан.

Жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18